Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Чукул билдирүү: суук күчөйт


Кыш.
Кыш.

14-15-февралдагы карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоо жолдорунда кар күрткүсү топтолуп, көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу керек.

18-19-февралда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде кар калың түшөт. Өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

20-21-февралда абанын температурасы төмөндөп, өрөөндөрдө сууктун күчү -15 градуска, ал эми тоолуу аймактарда -25 градуска чейин төмөндөйт. Бийик тоолуу аймактарда суук -33 градуска чейин жетет. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

XS
SM
MD
LG