Мындан 28 жыл мурун, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Жыл сайын Кыргызстанда да бул күн белгиленет.
1979-жылдын 27-декабрында советтик аскерлер Ооганстанга басып кирген. Оогандардын ошол кездеги лидери Хафизулла Аминди президент сарайында жок кылуудан башталган операция 10 жылдан кийин аскерлердин Ооганстандан чыгып кетүүсү менен аяктаган.
27-декабрдагы операцияда Хафизулла Амин үй-бүлөсү менен кошо жок кылынып, анын ордуна Москва ылайыктуу тапкан Бабрак Кармал бийликке келген. Кармал Кабул радиосунан сүйлөгөн сөзүндө Хафизулла Аминди америкалык “империалисттердин” тыңчысы деп атаган.
Сексен миңдей аскер катышкан, он жылга созулган урушта СССР 14 миңдей жоокеринен ажыраган. Кыргызстандан барган жети миң чамалуу жигиттин 252си курман болуп, 1500ү жараат алган. Төртөө али күнчө дайынсыз.
1985-жылы Михаил Горбачев советтик бийликтин башына келгенден көп өтпөй аскерлер Ооганстандан чыгарыларын жарыялаган. Бул план төрт жылдан кийин ишке ашкан.