Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Москва соту үч жаранды терроризм боюнча айыптуу деп тапты


Кавказдагы террористтик операция.
Кавказдагы террористтик операция.

Москвадагы регионалдык аскердик соту түндүккавказдык Аслан Байсултанов, Мохмад Межидов жана Элмар Ашаевди “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму менен байланышы бар жана Москвада теракт жасоого камданган деп таап, ар бирин 14 жылдан эркинен ажыратуу чечимин шейшемби күнү чыгарды.

14-февралда Краснодар шаарынын соту Дагестан Республикасынын үч тургунун алты айдан 22 айга чейин эркинен ажыратты. Алар Сириядагы “Ислам мамлекетине” кошулууну пландаштырган деп айыпталды. Орус бийлиги орус жана мурунку совет республикаларынын беш миңдей жараны “Ислам мамлекетине” кошулуу үчүн Сирия жана Иракка барган деп эсептейт. (AiT)

XS
SM
MD
LG