Бишкекте бүгүн Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык жагдай боюнча эл аралык форум өтөт. Жыйындын максаты – уюмдун алкагындагы кызматташтыкты талдоо. Иш-чарада Кыргызстандын биримдикке киргенден кийинки абалы өзүнчө сөз болуп, сунуш-пикирлер айтылмакчы.
Hyatt Regency мейманканасындагы бир күндүк форумду Кыргызстандын экономикалык клубу жана “Каганат патриоттук демилгелерди колдоо” коомдук фонду өткөрүүдө. Уюштуруучулар кабарлашкандай, ага Орусия менен Казакстандан көз карандысыз эксперттер жана адистер чакырылган. Андан тышкары, Жогорку Кеңештеги беш фракциянын лидерлери, өкмөт өкүлдөрү да баяндама жасашат.
Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан 2015-жылы мүчө болгон. Серепчилер уюмдун шарттары Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизип жатканын сындап келишет. Өкмөт бул жагдай убактылуу экенин белгилейт. (SE)