Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдыраманов “Адилет” укуктук клиникасы аларга берилген жоопту туура эмес чечмелеп жатат деген пикирин "Азаттыкка" билдирди:
- Бул жерде интерпретация башкача болуп калыптыр. “Башкы прокуратура президент боюнча терс материалдарды жайгаштыруу укуктук жактан туура болгонун тааныйт" деп маалымат таратуу ката. Алар биздин жооптогу айрым сүйлөмдөрдү жалпы тексттен сууруп алып, жарыялашкан.
Аталган уюм башкы көзөмөл органына "Фейсбук" социалдык тармагында президент Алмазбек Атамбаевди сындаган 11 колдонуучуга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эскертүү берүүсүнө укуктук баа берүүсүн сурап эки кат менен кайрылган.
Биринчи катында “Адилет” клиникасы Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын демилгесине укуктук баа берүүнү өтүнсө, экинчи катында социалдык тармактардагы президентти сындагандарга карата чара көрүүгө УКМК кызматкерлеринин укугу бар же жок экенин түшүндүрүүнү суранган.
13-февралда Башкы прокуратура укуктук клиниканын суроосуна расмий жооп берген. Анда депутат Ирина Карамушкинанын жана УКМК кызматкерлеринин иштеринде мыйзамсыз аракеттер аныкталган эмес деп маалымдаган. Ошондой эле Башкы прокуратура “Фейсбуктун” 11 колдонуучусу УКМК тарабынан эскертүү алганы тууралуу маалыматтарды текшерүүгө мүмкүн болбогонун билдирген.
Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Фейсбукта" президентке акарат келтирген деген негиз менен он чакты жаранга эскертүү берген.