Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Казакстанга барууга камынууда. Аны өлкө башчы Нурсултан Назарбаев чакырган.
Расмий маалыматтарга караганда, жайга чейин пландалган сапардын алкагында эки тараптуу кызматташуу жана аларды андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Өзгөчө соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык тармактагы мамилелерге басым жасалат.
Шавкат Мирзиёев азырынча эч кайсыл мамлекетке сапар кыла элек. Алгачкы расмий сапарын Орусиядан баштай турганы, андан кийин Астанага барары айтылууда.