Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

Чаткалга эки метрге жакын калың кар түштү


Чаткалдын кары.
Чаткалдын кары.

11-февралдан бери тынбай жааган кардын натыйжасында райондун Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы нормадан ашып, бийиктиги эки метрге чейин жетти. Жергиликтүү бийликтин буйругу менен аталган аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди. Ага ылайык, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелер убактылуу ишин токтотту. Ички каттам жолдору жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди:

- Аймакта кар калың түшкөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди. Февраль айынын жарымына жетпей эле бир айлык кардын нормасы жаап салды.

Шерипованын айтуусунда, калың жааган карды тазалоого тиешелүү техникалар тартылууда. Аймакта 13 мектеп, сегиз бала бакча бар.

Калың кар Чаткалдан башка Чоң-Алай районунда, Алайкууда да жааган. Бул аймактарда кардын бийиктиги 1,5 метрге жетип, ички чарбалык жолдор жабылып калган. ӨКМ бул аймактарда да карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. (SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG