Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына бүгүн 28 жыл толду. Буга байланыштуу Таласта Ооган ардагерлеринин катышуусунда митинг-реквием уюштурулду. Иш-чарага Ооган согушунда курман болгон жоокерлердин жакындары, ошондой эле облустук администрациянын, Талас шаар мэриясынын жетекчилери катышты.
Он жылга созулган Ооганстандагы урушка Таластан 300гө жакын жоокер катышкан. Жетөө ошол жакта курман болуп, калганы түрдүү жаракат алып кайткан.
Азыркы тапта Ооган согушунун Таластагы ардагерлер уюумунда 161 адам каттоодо турат. Аларга мамлекет тарабынан ай сайын алты миң сом жөлөк пул төлөнөт. (AlS)