Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Сузакта жер көчкүгө байланыштуу мектеп жабылды


Райондун Алмалуу-Булак айылында жер көчкү активдешкендиктен айылдагы №75 Матиев атындагы орто мектеби жабылды. Бул тууралуу район акими Абдумуктар Маматов “Азаттыкка” билдирди:

- Былтыр жазында кеч көчкөндүктөн мектеп убактылуу жабылып, бирок жашоочуларга өз убагында жер тилкелери берилбеген соң сентябрь айында мектепти убактылуу ачып бергенбиз. Январь айынан тартып бул аймакта жер көчкү активдешкендиктен улам 105 окуучу билим алган мектепти жабууга тура келди. Алар эми кошуна айылдагы мектепте 2-нөөмөттө билим алып жатышат.

Район башчысы бул айылдан 140 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөнүн жана дагы 160 үй чыгарыла турганын кошумчалады.

Былтыр Алмалуу-Булак айылында жер көчүп, алты үйдү жана бир мектеп окуучусун басып калган. Жер тилкесин бөлүүдө өкмөт тарабынан трансформациялоо токтому күзүндө чыккандыктан, жашоочулар убагында көчө алышкан эмес.

Сузак району боюнча учурда 170ке чукул үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү. (RsK)

XS
SM
MD
LG