Ушул жылдын август айынан баштап ЕАЭБдин дагы 18 техникалык регламенти күчүнө кирет. Ага ылайык Кыргызстан өзүнүн техникалык стандарттарын уюмга шайкеш келтириши керек. Бул тууралуу Бишкектеги “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталышында өткөн эл аралык форумда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал кошумчалагандай, Кыргызстан өз стандарттарын туура келтире албаса, өз товарларын сыртка чыгарууга мүмкүн болбой калат.
- Жаңы стандарттарга ылайык сүт, эт, темир жол транспорту, текстиль жана башка тармактар техникалык регламентке ылайык келиши керек. Мисалы, темир жол вагондору дагы атайын стандартташтыруудан өтөт. Эгер талапка ылайык болбой калса, темир жол жүктөрүбүз да ЕАЭБ өлкөлөрүнө өтпөй калат. Ошондой эле биздин өлкөдө тигилип жаткан кийимдерге лицензия талап кылынат. Ал үчүн биздин өкмөт азыртадан даярданыш керек.
12-февралда Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес өлкөлөрдөн кирген автоунааларды милдеттүү каттоодон өткөрүү боюнча жобо күчүнө кирген. Ага ылайык ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн кирген унаалар атайын лабораториядан сыноодон өткөрүлүп, сертификат алышы керек. Бирок, Кыргызстанда мындай сертификат берүүчү лабораториянын жоктугу коомчулук арасында нааразылык жаратты. (SDz)