АКШ Конгрессинин башында тургандар Орусия менен президент Дональд Трамптын жардамчыларынын ортосундагы байланышты иликтөөнү көздөп жатат. Болжолдуу байланыштар Трамп президенттик кызматка киришерден бир нече убакыт мурда болгону маалымдалууда.
Буга чейин Трамп жана анын айланасындагылар шайлоо өнөктүгү маалында Орусиянын чалгын кызматынын өкүлдөрү менен байланышта болгонун бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Сенаттагы көпчүлүктү түзгөн коалициянын лидери Митч Макконнел 14-февралда жасаган билдирүүсүндө Сенаттын Чалгындоо боюнча комитетинде президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн менен сүйлөшүүлөр болорун айтты. Флинн 13-февралда кызматтан кетүүгө мажбур болгон.
Шайлоо өнөктүгү учурунда Майкл Флинн Трамптын ишенимдүү жана туруктуу колдоочусу болгон эле.
Декабрь айында ал Орусиянын элчиси Сергей Кисляк менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө "санкциялар боюнча кеп болгон эмес" деп вице-президент Майк Пенсти ишендирген.
Көп өтпөй Кисляк менен сүйлөшүүдө санкция маселеси талкууланганын четке каккан эмес. Мамлекеттик кызматка кирише элек кишинин тышкы саясат боюнча сүйлөшүүсү АКШ мыйзамдарына каршы келет.
13-февралда Майкл Флинн вице-президент Пенске толук эмес маалымат бергенин моюнга алды. АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин милдетин аткаруу Жозеф Кит Келлогго жүктөлдү.