Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:17

Шейшемби күнү кечинде Парижде өткөн Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында Испаниянын “Барселона” клубу француздардын ПСЖ командасына 0-4 эсебинде утулуп калды.

Голдорду Юлиан Драсклер, Эдинсон Кавани жана эки жолу Анхель ди Мария аттуу оюнчулар киргизди.

Испаниялыктардын машыктыруучусу Луис Энрике француздар оюн башталгандан тарта эле күчтүү болгонун моюнга алды. Бирок кырдаал дагы өзгөрүшү мүмкүн экенине терең ишенет:

- Футболдо ар дайым ушундай - ар бир оюн өзгөчө өтөт. Кийинки беттеште биз бардыгын өзгөртө алышыбыз ыктымал. Анда оюн биздин мекенде өтөт, бул дагы чоң мааниге ээ. Мен команда өзүн колго алып бардыгын калыбына келтирет деп ишенем.

Эгер кийинки оюнда “Барселона” утулуп калса, клуб акыркы он жылда биринчи ирет чейрек финалга кирбей калышы мүмкүн. ПСЖ менен “Барселонанын” ортосундагы кийинки беттеш Испанияда 8-мартта өтөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG