Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:00

Жалал-Абадда милиция башчысын кайра ордуна коюу талап кылынууда


Жеңиш Жоробеков.

Облустун Сузак районундагы бир топ айылдардан келген аксакалдар облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Жеңиш Жоробеков кызматынан негизсиз алынды деп эсептешет. Алар мындай пикирин 15-февралда маалымат жыйынында билдиришти. Райондун Орто-Азия айылынын тургуну Мойдун Мамажанов жакшы иштеп жаткан жетекчи жумуштан негизсиз алынганын айтып, Жоробековду кайра ордуна коюуну жалпы район элинин атынан талап кыларын билдирди. Жыйындын башка катышуучулары Жеңиш Жоробеков башкарып турган учурда облуста кылмыштуулуктун саны азайып, милициянын эл менен иштөөсү жакшырганын кошумчалашты.

4-февралда ички иштер министринин жылдык жыйынында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков менен министрликтин эки бөлүм башчысы “кетирген кемчиликтери үчүн” деген негиз менен кызматынан алынган. Учурда облустук ички иштер башкармалыгына жетекчи дайындала элек. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG