Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди коштогон делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев,президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов, президенттик аппараттын иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коеналиев жана Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бар. Булардан тышкары Кыргызстандын Белгиядагы элчиси, Еврокомиссиядагы туруктуу өкүл Асеин Исаев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрнис Оторбаев кошулат.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев15- февралда Евробиримдикке сапар менен барат. 16-февралда Атамбаев Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Башкы комиссары Федерико Могерини менен жолугушат. Ошондой эле Евробиримдик төрагасы Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер менен жолугушары күтүлүүдө.
Мындан тышкары Кыргызстандын мамлекет башчысы Германияга сапарында “Ачык коом” институтунун негиздөөчүсү, белгилүү филантроп Жорж Сорос менен жолугуп, Мюнхендеги коопсуздук жыйынына катышат. Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушат. (ZKo)