Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Түркияда киши колдуу болду деген кыз үн катты


Жаркынай Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун кабыл алуусунда.
Жаркынай Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун кабыл алуусунда.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, социалдык тармактарга “киши колдуу болду” делип, сүрөтү чыгып кеткен кыргызстандык кыз тирүү. Сүрөттөгү Жаркынай аттуу кыз 14-февралда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов менен жолугуп, мекениндеги ата-энесине, туугандарына аман-эсен экенин билдирген.

Жаркынайдын айтуусунда, ал социалдык тармактарга “киши колдуу болду” деген маалыматтын сүрөтү менен чыгып кеткенин тааныштарынан уккан. Кыздын сөзү боюнча, учурда анын туугандары мындай маалыматты интернетке чыгарган кишини издеп жатышат. Ошондой эле бул окуя боюнча милицияга, сотко кайрылмакчы.

13-февраль күнү социалдык тармактарда “Анкаранын борбордук Кызыл-Ай аймагында кыргызстандык кыз киши колдуу болду” деген маалымат кыргыз кыздын сүрөтү менен кошо тараган.(EB/ZKo)

XS
SM
MD
LG