Мындай демилге менен Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов 14-февралда чыкты. Анын айтымында, социалдык тармактарга көзөмөлдү күчөтүү жаш балдарды өлүмгө азгырган виртуалдык топтор меннн күрөшүүгө өбөлгө болот.
Бирок казакстандык колдонуучулар мындай сунуш бийликти сындагандарга каршы колдонулушу мүмкүн деп күмөн санашууда.
Анын алдында өспүрүмдөрдү өлүмгө түртүп атат деп шектелген виртуалдык оюндарга каршы роликтер казак телеканалдарынан көргөзүлгөн.
Казакстанда былтыр 16 өспүрүм өз жанын кыйып, суицид аракети жасалды делген 44 балага байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Акыркы эки айда 60тан ашуун ата-эне балдарын "Көк кит" жана "Тынч үй" деген оюндарга азгырылганы туурасында даттанып, полицияга арыз жазган.