Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө жасаган кайрылуусунда, биримдиктин алкагында иштеген жарандар жана алардын үй-бүлөлөрүн пенсия менен камсыздоо тууралуу келишимге кол коюу зарылдыгын белгиледи. Атамбаев муну биримдикке мүчө мамлекеттерде эмгек рыногу эркин болуусун шарттоочу дагы бир өбөлгө катары эсептейт.
Ошондой эле ЕАЭБ алкагында мигранттарды административдик мыйзам бузуулары үчүн депортациялоодо жана союздаш өлкөлөргө кирүүдө жумшагыраак мамиле жасоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.
Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Орусияда 600 миңден ашуун, Казакстанда 180 миңдей кыргызстандыктар иштешет. Буга чейин айрым коомдук уюмдар чет жакта иштеген кыргызстандыктарга пенсия чегерүү маселесин көтөрүп чыгышкан.(ZKo)