Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Орусия “Крымдын кайтарылышын” АКШ менен талкуулабайт


Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Орусия Крымга байланыштуу суроолорду АКШ менен да, башка өлкөлөр менен да талкуулабайт. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Бир күн мурда Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер президент Дональд Трамп Орусия Крымды Украинага кайтарып, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жайгарууга салым кошот деп ишенип жатканын айткан.

Песковдун айтымында, Крым Орусиянын бир бөлүгү жана Кремл эч качан өз аймагынын бүтүндүгүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен, анын ичинде АКШ менен да талкуулабайт.

Крым жарым аралын Орусия 2014-жылдын жазында басып алган. Киев жана эл аралык коомчулук Крымды Украинанын бөлүгү катары эсептешет. АКШ жана Евробиримдик баш болгон батыш өлкөлөрү Орусия Крымдын аннексиялап алганына байланыштуу жана Украинанын чыгышындагы жаңжалда орусиячыл жикчилерге аскерий колдоо көрсөткөнү үчүн Москва каршы экономикалык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG