Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга сапарында бүгүн, 16-февралда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Башкы комиссары Федерико Могерини менен жолугат. Ошондой эле Евробиримдик төрагасы Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер менен кезигерин мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлаган.
Атамбаев Бельгияга расмий сапар менен шаршембиде түштөн кийин учуп кетти. Делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Еврокомиссиядагы туруктуу өкүл Асеин Исаев, президенттик аппараттын кызматкерлери, өкмөт өкүлдөрү жана Бельгия менен Германиядагы элчилер бар.
Атамбаев андан ары Германияга барып,“Ачык коом” институтунун негиздөөчүсү, белгилүү филантроп Жорж Сорос менен жолугат. Мюнхендеги коопсуздук жыйынына катышып, Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
17-февралда соңуна чыга турган сапарда эки каржылык макулдашууга кол коюлары пландалган. (SE)