Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Трамп Крымдын аннексияланышына Обаманын бийлигин айыптады


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Крымды аннексиялап алышына Барак Обаманын администрациясынын “жумшактыгы” себеп болгонун айтты.

Бул тууралуу ал 15-февралда өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

Шейшембиде Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер Дональд Трамп Орусия Крымды Украинага кайтарып, Украинанын чыгышындагы зомбулуктан баш тартарына үмүттөнөрүн айткан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Кремлдин өкүлдөрү Крым Орусиянын бөлүгү экенин айтып, Кремл эч качан өз аймагынын бүтүндүгүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен, анын ичинде АКШ менен да талкуулабастыгын билдирди.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин болсо, Крым тууралуу Трамптын өз билдирүүсүн күтүүгө үндөдү.

Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп бир нече ирет Орусия менен АКШнын алакасын оңдоо ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG