Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

FIDH: Аскаровдун иши адилет сот системасын шылдыңдоо болду


Ажимжан Аскаров Чүй облусутук сот залында.
Ажимжан Аскаров Чүй облусутук сот залында.

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишинин кайра каралышы адилеттикти орнотуу эмес, тескерисинче “шоу” болду. Мындай пикирин Укук коргоочулардын укугун коргогон эл аралык уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия программаларынын жетекчиси Юлия Уанен "Азаттык" радиосуна билдирди.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм 15-февралда президент Атамбаевдин Европага сапарын утурлай жарыялаган баяндамада Чүй облустук сотунун "ишти карамыш болгону адилет сот системасынын стандарттарына туура келбейт жана Улуттар Уюмунун Аскаровду бошотуу боюнча өтүнүчүнө каршы келет" деп айтылат. 16 барактан турган атайын баяндамада Чүй облустук соту күбөлөрдү угуудан баш тартып, сот залына эркин кирүүнү чектеп, кыйноолор боюнча далилдүү билдирүүлөрдү текшербей, жабырлануучунун күбөлөрүн жана адвокаттарын кысымга алып, коркутуп, аны менен Аскаровдун адилеттүү сотко болгон укугун кепилдей албаганы жазылган.

16-февралда президент Атамбаев Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери, анын ичинде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини, Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугат. Евробиримдиктин жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугушууда Атамбаев Кыргызстандагы сот системасын реформалоону колдоого багытталган 13 миллион евролук долбоор тууралуу сүйлөшүүсү пландалган.

XS
SM
MD
LG