Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Спорттун олимпиадалык түрлөрүн Алмаз Касенов тескейт


Алмаз Касенов.
Алмаз Касенов.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси болуп Алмаз Касенов дайындалды. Аталган агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, жаңы жетекчи эмгек жамаатына 15-февралда тааныштырылды.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргызстандын дене тарбия жана спорт тармагына эмгек сиңирген кызматкер Алмаз Касенов буга чейин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясын жетектеген.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын мурдагы башчысы Назирдин Акылбеков өзү жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Акылбеков дирекцияны 2011-2014-жылдары жетектеген. Кийин спортчуларга бөлүнгөн акчаны максатсыз сарптоого жол берген деп, жумуштан бошотулган. Акылбеков күнөөсүз экенин айтып сотко кайрылган жана Жогорку соттун чечими менен 2016-жылдын сентябрь айында мурдагы кызматына кайра отурган. (ECh)

XS
SM
MD
LG