Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына Асанбай Токсонов дайындалды. Буга чейинки жетекчи Алмаз Касенов Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияга жетекчи болду.
Асанбай Токсонов - эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргызстандын билим берүү жана ошондой эле дене тарбия жана спорт тармагынын отличниги, 2011-жылдан бери Жогорку аттестациялык комиссиянын диссертациялык кеңешинин мүчөсү. (ECh)