Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Өзбекстанда терроризмге шектелген АКШ жараны Грузияда кармалды


Грузия полициясы Батуми аэропортунда Өзбекстанда терроризмге шектелип, издөөгө алынган АКШ жаранын кармады. Колго түшүрүү Интерпол менен кызматташтыкта ишке ашырылды.

Грузия Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 39 жаштагы шектүү Өзбекстандын Кылмыш кодексинин терроризм, уюшма кылмыш топ түзүү, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз колдонуу беренелери менен издөөгө алынган эле.

Учурда аны Ташкенге экстрадициялоо маселеси каралууда.

XS
SM
MD
LG