Чаткал районуна калың кардан улам 14-февралда киргизилген чукул кырдаал режими бүгүн эртең мененки саат жетиде алынды. Облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдиргендей, кар басып калган жолдордун баары тазаланды:
-Красная Горка-Акташ, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолдору ачылып, каттамдар жанданды. Мектептерде сабактар бүгүн улантылат.
11-февралдан бери райондун Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы эки метрге жеткен.
Жергиликтүү тургундар жолду ачууну тездетүүнү өкмөттөн өтүнүп, интернетке кар баскан жерлердин сүрөт-видеолорун жүктөшкөн. Алар дүкөндөрдө азык-түлүк түгөнүп баратканына тынчсызданышкан. Кар басып калган бир үйдүн, алтын казган ишкананын ашканасын чатыры кулаган. Калыбына келтирүү иштери уланууда.
Андан тышкары, Токтогулда бир мектептин, “Кыргызтелекомдун” бир имаратын кар басып калган. Тазалоо иштери уланууда. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Жалал-Абад облусундагы абал менен жеринен танышат.
Калың кар Чаткалдан тышкары, Чоң-Алай районунда жана Алайкууда да жааган. Көп жерде ички чарбалык жолдор жабылып калган.(SE\RK)