Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Текебаевдин Кипр сапары боюнча маалыматты текшерүү сунушталды


Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусу тууралуу түрк маалымат сайты жазган маалыматты текшерүү сунушталды. Мындай пикирин Социал-демократтар фракциясынан депутат Узарбек Жылкыбаев билдирди. Анын айтуусунда, бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерип, аныгына чыгыш керек.

- Эгер бул маалымат чындык болсо, Кыргызстанда канча адамдын өлүмүнө күнөөлүү катары эркинен ажыратылган адам менен депутаттын жолугушуусу мамлекетке чыккынчылык катары саналыш керек. Ошондуктан, муну тез арада иликтеп чыгыш керек, - деди Жылкыбаев.

Буга чейин түркиялык сайтта Текебаевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу кабар чыккан. Аны “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү калп деп билдиришкен.

Өмүрбек Текебаев Кипрге сапар менен барып келгенин айтып, бул өлкөдө президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү бардыгы тууралуу маалыматты иликтеп жатканын ырастаган. Мындан соң президент Башкы прокуратурага Текебаевдин маалыматын текшерүүнү тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG