Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы дагы үзгүлтүккө учурады


Жалал-Абад шаардык кеңеши.
Жалал-Абад шаардык кеңеши.

Шаардык кеңештин бүгүнкүгө белгиленген сессиясына оппозициядагы “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Журт” фракцияларынын депутаттары катышкан жок. Алар мындай жол менен мурдагы коалициянын бузулушуна нааразылыгын билдирүүдө.

Бүгүнкү жыйында КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика - Ата Журт” фракцияларынын депутаттары өздөрүнүн ичинен улуу депутатты сессияны башкаруучу кылып шайлашты.

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги чыр бир айдан бери уланып келатат. Буга чейин шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Журт” жана “Республика - Ата Журт” фракциялары коалиция түзүп, төраганы шайлоого аракет кылган. Ал учурда Социал-демократтар жана “Кыргызстан” фракциясы сессияга баруудан баш тартышкан. Кийинчерээк “Республика -Ата Журт” фракциясы коалициядан чыкканын жарыялап, азчылыкта калган Социал-демократтар жана “Кыргызстан” фракциялары менен бир альянска бириккен эле. (RsK)

XS
SM
MD
LG