Аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу ушул апта ичи Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу сакталууда. Айрыкча капчыгай жана ашууларда абал кооптуу. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл. Апта аягында көп жерлерде бурганак болуп, зымдарга, дарактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак болот.
17-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерге туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Күндүн табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+3, күндүз +2...+7,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндуз +1...+6,
Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +4...+9,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +5...+10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндуз +2...+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -2...-7 суук.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр, кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -1…+1, күндүз +5…+7 градус жылуу болот.