Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:32

Оштогу Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн шайлоосу экинчи жолу өтпөй калды. Буга айылдык кеңеш жыйынына 11 депутат келбей, кворум болбой калганы себеп болду. Ушул жума башынан бери аталган депутаттардын кайда жүргөнү белгисиз. Айылдык кеңештин башка депутаттары кесиптештеринин дайынсыз жоголушун айыл өкмөттү шайлоонун экинчи туру менен байланыштырышкан.

Себеби айыл өкмөттүккө катышкан талапкерлер шайлоо алдында депутаттарды сатып алуу, коркутуу, ишкерлигине кысым көрсөтүү аракеттерин жасап жатканын айтып чыгышкан.

Эми экинчи жолу шайлоо өтпөй калган соң мыйзамга ылайык айылдык кеңеш тарашы керек.(BkA/YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG