Транспорт жана жолдор министрлиги жакындан тарта Балыкчы-Корумду жолун курган кытайлык “Лонг Хай” компаниясына карызды төлөй баштайт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт компанияга 211 миллион сом карыз. Жакын аралыкта министрлик 100 миллион сомун которууга камынууда.
Былтыр бул жолдун 25,5 чакырымын курууга 1 миллиард 459 миллион сом бөлүнгөн.
Калилов аталган жолду оңдоону жайкы туристтик сезонго чейин бүткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.
Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Анын курулушу чыр менен коштолуп, финансы булактары каралбай калганы айтылган. Аталган каттамдын жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт.(BkA)