Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:13

Президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев кармалып, кайра кое берилди


Эркин Мамбеталиев.
Эркин Мамбеталиев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев мыйзамсыз автоунаа айдап жүргөнү үчүн Бишкекте кармалып, кайра коё берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-февралда кечинде шаарда айнектери караңгылатылган эки автоунаа токтотулган. Автоунаанын айнеги уруксатсыз караңгылатылганы, айдоочу күбөлүксүз аны айдап жүргөнү аныкталган жана унаадан аңчылык мылтык табылган.

Автоунаалардын биринде Эркин Мамбеталиев болгон.

Бул окуя боюнча үч протокол толтурулуп, Мамбеталиев коё берилди.

Учурда тиешелүү документтер чогултулуп, автоунаалар атайын жайга токтотулду.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Эркин Мамбеталиев буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. 2005-жылы, андан кийин 2010-жылы эки ирет абактан бошоп чыккан. Анын аты былтыр “Вечерний Бишкек” гезитине байланыштуу ызы-чууда да аталган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG