Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры сынып, төрт куруучу катуу жараат алды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Кырсыктан жабыркагандар "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилди. Алардын үчөө катуу абалда реанимацияга жаткырылганы кабарланды. Учурда кырсык болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.(BkA)