Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин унаасы Бишкек шаарында кырсыкка кабылды. Эки адам ооруканага түшкөнү кабарланды. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дарья Пахомава окуя болгонун бышыктады. Бирок толук маалымат берген жок.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык бүгүн Чүй жана Фучик көчөлөрү кесилишкен жерде болгон. Элчиликтин Toyota Land Cruiser Prado машинеси менен “ГАЗ” автоунаасы кагылышкан. Land Cruiser светофордун кызыл күйгөнүнө карабай, жолдон өтүп кеткени айтылууда.