Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Атамбаев Бельгия королу менен жолугушту


Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында бүгүн король Филипп менен жолугушту. Бетме-бет сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери сөз болгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Атамбаев Брюсселге 15-февралда барган. Сапар алкагында Европа биримдигинин аткаминерлери менен да кезигишти.

Тараптар жалпы көлөмү 23 миллион еврого барабар эки каржы келишимине кол коюшту. Мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо программасы боюнча Евробиримдик Кыргызстанга 13 млн евро, аймактарды өнүктүрүүгө 10 миллион евро бөлмөй болду.

Атамбаевдин жумушчу сапары андан ары Германияга уланып, 17-февралда соңуна чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG