Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Орусия Вашингтондун күч менен сүйлөшөбүз деген позициясына макул эмес


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва Пентагон менен алаканы жакшыртууга даяр экенин, бирок Вашингтондун күч менен сүйлөшөбүз деген позициясына макул эместигин билдирди.

Шойгунун бул билдирүүсү бир күн мурда жасалган АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттистин сөзүнө жооп катары айтылды.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Брюсселде 15-февралда өткөн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Мэттис Орусия менен алакада катаал мамиле зарылдыгын белгилеген.

Шойгунун билдирүүсүнөн көп өтпөй Азербайжандын баш калаасы Бакуда АКШ Башкы штабынын Бирдиктүү жетекчилер комитетинин башчысы Жозеф Данфорд менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов жолугушту.

XS
SM
MD
LG