Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Ооганстанда “абийир үчүн өлүм” кылмышын жасагандар изделүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Ооганстанда “абийир үчүн өлүм” жосунуна таянып оор кылмыш жасаган эки кишини кармоого уруксат берилди. Маалыматтарга караганда, алар өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө полиция участкасына кирип эки жашты тындым кылышкан. Кылмыш жасагандардын бири өлтүрүлгөн кыздын атасы, экинчиси бир тууган агасы болгон.

Жакындарынын колунан набыт болгон 18 жаштагы Фатиханы зордоп турмушка узатышкан. 11-февралда ал 19 жаштагы Хедайтулла аттуу жигит экөө камакка алынган. Алар "ала жипти аттады" деп шектелген. Күбөлөрдүн билдиришинче, кыздын туугандары куралчан келип, эки жашты набыт кылышкан.

Бул кылмыш Ооганстандагы “абийир үчүн өлүм” жосуну алдында жасалган кезектеги кандуу окуя болуп калды. Мындай жосун күйөөсүнүн "көзүнө чөп салды" деп шектелген аялдарга каршы колдонулат.

XS
SM
MD
LG