Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Пакистандагы жардыруудан 72 адам курман болду


Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы Лал Шахбаз Каландар деп аталган сунниттер мавзолейинде 16-февралдагы жардыруу бери дегенде 72 адамды набыт кылып, 150дөн ашуун киши жарадар болду. Бийлик курмандыктар саны өсүшү ыктымал деп кооптонууда.

Маалыматтарга караганда, ондогон сыйыныуучулардын арасында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Ал үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды.

Бул окуя Пакистанда соңку жылдардагы эң кандуу кылмыштардын бири катары сыпатталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG