Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Ажыга барчуларды каттоо жүрүп жатат


Кыргызстанда быйылкы ажылыкка барчуларды каттоо жүрүп жатат. Мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашкандай, каалоочулар 6-февралдан 6-мартка чейин облустук, шаардык казыяттарга жана алардын райондук бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Ажылыкка бара тургандар РСК банкка 500 сом төлөгөн эсеп-дүмүрчөк менен тизмеге киргизилет. Толук маалымат казыят өкүлдөрүнөн алынат.

Сауд Арабия өкмөтү ажылык үчүн быйыл Кыргызстанга 4585 квота берген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 900гө көп.

Зыяратчыларды ташыганга авиакомпанияларды тандоо сынагы жарыяланган. Ага Кыргызстандын жана Сауд Арабиянын авиакомпаниялары катыша алат.

Ажылык амалдары Курман айт майрамында жасалат. (SE)

XS
SM
MD
LG