Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

ЕККУнун программалык кеңсеси майдан тарта иштей баштайт


Кыргызстанда Европа коопсуздук жана келишим уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу президенттин Брюсселге сапары учурунда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Министрдин айтуусунда, эл аралык уюмдун макамын өзгөртүү боюнча ЕККУнун туруктуу кеңешинин чечими бар.

Буга чейин Бишкекте ЕККУнун борбору иштеп келген. Былтыр кыргыз өкмөтү ЕККУнун Бишкектеги борборунун макамын төмөндөтүп, Программалык кеңсеге айлантуу тууралуу ниетин билдирген эле.

Буга байланыштуу эл аралык уюмга атайын нота жиберген.

Расмий Бишкек мындай кадамга Кыргызстанда кылмышкер деп таанылган Кадыржан Батыровдун уюмдун жыйынында сөз сүйлөшүнөн соң барган.(BkA)

XS
SM
MD
LG