Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Экс-депутат Самаковдун соту уланууда


Солдон оңго: Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев, Карганбек Самаков.
Солдон оңго: Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев, Карганбек Самаков.

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда Карганбек Самаковдун ишин кароо улантылууда. Сотто тараптардын жарыш сөзү угулуп, ушу тапта айыпталуучулардын адвокаттары сүйлөп жатышат.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин адвокаты айыпталуучуунун күнөөсү далилденбегенин айтып, аны актоону суранды.

Буга чейинки жараянда мамлекеттик айыптоочулар Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялап,19 жыл күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну сураган. Ал эми Самаковго Бишкектин айланасындагы жер тилкелерин бөлүүгө катышы бар деп мурдагы премьер-министри Игорь Чудинов менен биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди 11 жылга камоону соттон суранган.

Ал эми мурдагы бийлик ээлери Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевди 18 жылга, Арстанбек Ногоевди 11 жылга эркинен ажыратуу сунуш кылынган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иши мурдагы жылы 14-майда козголгон. Ал Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектир жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG