Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы көп адамдын өмүрүн алган терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Көңүл айтуу телеграммасында Атамбаев Пакистандын президентине көңүл айтып, Кыргызстандан терроризмди катуу айыптай турганын билдирген.
Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы Лал Шахбаз Каландар деп аталган сунниттер мавзолейинде 16-февралдагы жардыруудан 72 адам набыт болуп, 150дөн ашуун киши жараат алган.
Ондогон сыйынуучулардын арасында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Ал үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды.(BkA)