Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн кулаган үч адамдын абалы оор. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков “Азаттыкка” билдирди. Дарыгердин айтымында, жараат алган үч адам учурда реанимацияда. Бир адамга операция жасалып, ал жалпы бөлүмдө жатат.
16-февралда кечке маал шаардагы курулуп жаткан үйдүн чатыры сынып, төрт куруучу катуу жараат алган.(BkA)