“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратурага барып, көрсөтмө берди. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Башкы көзөмөл органына Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү тууралуу көрсөтмө берген. “Ата Мекендин” лидери өз билдирүүсүн тастыктаган далилдер бар экенин билдирген.
Өмүрбек Текебаев 13-февралда Бишкектеги саясий форумда Кипрден Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалыматтарды таап келгенин, аларды толук иликтеп, жакында аны коомчулукка жарыя кыларын ырастаган. Ошол эле күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул билдирүүнү иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырган.(BkA)