Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Өзбекстан: аз камсыздалган үй-бүлөлөргө бекер балапандар таркатылууда


Жөжөлөр.
Жөжөлөр.

Өзбекстандын Жизак облусунун акимчилиги аз камсыздалган ар бир үй-бүлөгө 20дан тооктун жөжөсүн таркатып берди.

Администрация кызматкеринин айтуусунда, балапандар демөөрчүлөрдүн каражатына алынган жана алар калктын тоок багуу кызыкчылыгын ойготуу максатында бекер таркатылууда.

Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстан автоном облусунда өткөн жыйында тоок багуу менен өлкөдөгү жакырчылыкты жойсо болорун айткан.

Президент ошондой эле ар бир үй-бүлө 100 тоок багуу менен өзүнүн чакан бизнесин өздөштүрсө болорун кошумчалап, район акимдерин бул тапшырманын аткаруу жолдорун издөөнү, ал эми банктарга калкты аз пайыздуу насыя менен камсыздоону тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, 30 миллион ашуун калкы бар Өзбекстандын эки миллион жараны Орусияда эмгектенишет.

XS
SM
MD
LG