Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн жолугушууга эки өлкө делегацияларын кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков жана өзбек вице-премьер-министр Адхам Икрамов жетектеди. Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.
Жеңиш Раззаков эки өлкө ортосундагы такталбаган аймактар боюнча ишти тездетүү зарылдыгын белгиледи.
Эки өлкө ортосунда былтыр октябрдан бери өкмөттөр аралык жумушчу топ чек араны тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Жаңы жыл алдында президенттер Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев Самарканда кезигип, мамлекеттер аралык маселелерди чечүүнү жандантууну макулдашкан жана тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилген.
Расмий кабарларга ылайык, 1378 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 320 километри тактала элек.(BkA)