Чукул билдирүү:
Аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу ушул апта ичи Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучунан этият болуу зарыл. Айрыкча капчыгай жана ашууларда абал кооптуу. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо абзел. Апта аягында көп жерлерде бурганак болуп, зымдарга, дарактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак болот.
Аба ырайы:
18-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерге туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Күндүн табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндуз -1...+4,
Баткен облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...+5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 0...+5,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10 суук.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, арты карлашы мүмкүн. Түнкүсүн -1…+1, күндүз +2…+4 градус жылуу болот.