Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги 16-февралда дипломатиялык өкүлчүлүк унаасы катышкан жол кырсыгынан каза болгон кыргыз жаранынын жакындарына жардам көрсөтөт. Бул тууралуу элчиликтин пресс-атташеси Дарья Пахомова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кырсыкка кабылган элчилик унаасын орус дипломаттарынын бири башкарып бараткан. Учурда анын абалы жакшы.
Ал эми кырсыктан каза болгон “Мерседес-Спринтер” унаасынын айдоочусунун жакындарына жардам көрсөтүү боюнча элчилик кызматкерлери иштеп жатышканын Пахомова кошумчалады.
Жол кырсыгы 16-февралда Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унаасы “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу унаасын келип сүзгөн. Кырсыктан “Мерседестин” 62 жаштагы айдоочусу өтө оор абалда ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон.
Айрым маалымат каражаттары орус элчилигинин унаасындагы адамдар мас абалында болгонун жазып чыкты.(BkA)