Мындай кабарды Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» ырасташты. Маалыматка ылайык, учурда Баткенде жаңы административдик имараттарды жана турак жай комплексин куруу пландалууда. Ага ылайык шаарды кеңейтүү эскизи иштелип чыгууда.
Бул долбоордун алкагында Баткен шаарында бардык заманбап инженердик коммуникация шарттары менен жаңы конуш курулмакчы.
Бүгүнкү күндө шаардын түштүк аймагынан 100 гектар жер аныкталып, жаңы административдик жана турак жай комплексин куруу үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөр жана донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Баткен шаарын көчүрүү пландалып жатканын кабарлашкан болчу. (JsA)