Минск шаарында “Бекерпоздук жөнүндө” мыйзамга каршылыгын билдирип, эки миңге чукул адам нааразылык акциясына чыгышты. Мыйзам жумушсуздарды салык төлөөгө милдеттендирет.
“Ачууланган беларустардын маршы” аттуу акцияга оппозиция лидерлери Владимир Некляев жана Николай Статкевич да келишти.
Чогулгандар “Салыктарды жойгула!”, “Лукашенко кетсин!” деген ураандарды кыйкырып жатышты. Маршты уюштуруу алдын ала шаар бийлиги менен макулдашылбаса да тартип коргоо органдары анын жүрүшүнө тоскоолдук кылышкан жок.
Акциянын катышуучулары эгер бийлик коюлган талаптарга жооп кылбаса, өлкө преизденти Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышарын билдиришти. Демонстранттар бийликке бир ай убакыт беришти.
2015-жылдын апрель айында президент кол койгон декретке ылайык, жумушсуздар жыл сайын өкмөткө 200 долларды төлөп турууга милдеттүү. Ал эми убагында төлөбөгөндөр административдик айыпка тартылат.