Жолугушуу 17-февралда Мюнхенге жасаган жумушчу сапарынын алкагында болуп өттү. Анда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен Кыргызстандагы “Сорос” фондусунун ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү реформаларды колдоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.
Президенттин Европага эки күндүк сапары 17-февралда жыйынтыкталды. (ZKo)